Дмитрий Бивол кыргызстандыктарга кайрылып, ыраазычылыгын билдирди

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Профессионал боксчу Дмитрий Бивол Sputnik Кыргызстан агенттигине берген эксклюзивдүү маеги учурунда жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
"Досторума, тааныштарыма жана мени колдоп, жеңишиме кубанган ар бир адамга ыраазымын. Жаштарга айтарым, силер кайсы жерде жашаганыңар роль ойнобойт. Мына мен кичинекей Токмок шаарында туулгам, азыр дүйнө чемпионумун. Негизгиси эмгек кылып, туура багытка бет алыш керек. Ошондо гана дүйнөнү багынта алабыз", — деди спортчу.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт. Ал рингде жеңилип көргөн эмес. 20 кармаштын 11ин нокаут менен уткан жана WBA уюмунун супер чемпиону.
Бивол 8-май күнү Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык айтылуу спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду.
Дмитрий Бивол: балдарымдын мендей болуп Токмокто чоңойбогонуна ичим ачышат