Күндүн көзү бузулат! Дем алышка карата аба ырайы

Апта этегинде да күн бүркөк болуп, жамгыр жаашы ыктымал. Тоолуу жерлерге кар түшүүсү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын акыркы эки күнүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте да жаан-чачын күтүлөт.

Чүй, Талас облустары

14-майда эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы Чүйдө 22...24 градус болсо, Таласта 20...22 градусту көрсөтөрү айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда да апта аягы жаанчыл болот. 14-майда кээ бир жерлерге жаан катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарга кар түшүүсү божомолдонду. Абанын температурасы 23...25 градустун тегерегинде болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз 14...19 градус, Нарында 17...19 градус болору божомолдонду.
Адис тез өзгөргөн аба ырайы адамга кандай таасир этерин айтып берди