БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүп, каражат аябайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө өлкө башчы Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышканы айтылган.
Жапаров аталган департамент даңктуу күжүрмөн жолду басып өтүп, Кыргызстандагы алгачкы аскердик бөлүктөрдүн бири экенин белгилеген.
"Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында сиздердин департамент өзгөчө кызматы менен айырмаланып турат. Албетте, атайын контингент менен иш жүргүзүү — абдан татаал жана жоопкерчиликтүү кызмат. Күн-түн дебей, ысык-суукка чыдап, бардык кыйынчылыктарды жеңе билүү менен мамлекеттеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап, жүктөлгөн милдеттерди так жана ак ниет аткарып жатасыздар. Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди жана ага каражат аябастыгыбызды баса белгилеп кетейин", — деди өлкө башчы.
Президент өз сөзүндө Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков да учурунда ушул департаментте иштегенин белгиледи. Мындан сырткары, турмуштук жана кызматтык бай тажрыйбасын кийинки муундар менен тең бөлүшүп, жаш жоокерлерди мекенчилдикке тарбиялоо үчүн чоң салымын кошуп келе жаткан департаменттин ардагерлерине ыраазычылык билдирген.
Садыр Жапаров куттуктоосунун соңунда аскер кызматчыларына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, дүйнөдө жана Кыргызстанда тынчтык болушун каалады.