Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын түштүк аймагы Россиянын курамына кирет. Крымдын өкүлүнүн билдирүүсү

Россиялык жоокерлер атайын операция учурунда Украинанын түштүгүндө жайгашкан Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Украинанын бошотулган түштүк аймактары Россиянын региону болот. Бул тууралуу Крымдын РФ президентинин алдындагы туруктуу өкүлү, Крым өкмөтүнүн вице-премьери Георгий Мурадов РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
"Украинанын бошотулган түштүк аймагы Россиянын дагы бир регионуна айланарына шегим жок. Тургундар менен сүйлөшүп жатабыз, бул элдин өзүнүн эрки. Басымдуу бөлүгү сегиз жыл бою украиналык нацисттердин кордугун көрүп жашады. Россия мындан ары мекендештерибиздин укугунун бузулушуна жол бербейт", — деди Мурадов.
Анын айтымында, Украинага качандыр бир кезде "белекке берилген" түштүк-чыгыштагы территория дайыма орустардыкы болуп келген, ал жакты көбүнесе орус тилдүү эл байырлайт.
"Жалпы маданий кодубуз бир. Элдин тынч жашоосу тууралуу ойлонуп жатабыз. Аталган аймакта аскерий-жарандык администрациялар негизделип, россиялык телеканалдар иштей баштады. Мектептерде россиялык китептер окутулууда, рубль экономикалык жашоого кирип жатат", — деди аткаминер.
Россиялык жоокерлер атайын операция учурунда Украинанын түштүгүндө жайгашкан Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Бул аймактарда аскерий-жарандык администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радио иштей баштады, Крым менен соода байланышы түзүлүп жатат.
"Единая Россия" партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Россия Херсон облусуна түбөлүк келгенин, мындан эч кимдин күмөнү болбошу керектигин билдирген. Ал эми региондун башчысы Владимир Сальдо аймак Россия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү болуп калганын жар салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ баш катчысынын экс-жардамчысы: Россияга каршы санкциялар максатына жеткен жок