Стол теннисин ойногон Токаев менен Эрдоган. Сүрөт

10-майда Токаев мамлекеттик сапары менен Түркияга барып, анын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев стол теннисин ойношту. Мамлекет башчыларынын сүрөтүн Sputnik Казакстан Telegram каналы жарыялады.
Сүрөттөн эсеп 9:9 болгонун көрүүгө болот.
10-майда Токаев мамлекеттик сапары менен Түркияга барып, анын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр жүргөн. Эки өлкөнүн ортосундагы былтыркы товар алмашуу 5 миллиард долларга жеткени айтылды. Эми аны дагы көбөйтүү пландалууда.
Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт