БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Тамак ичкенден кийин баштын оорушу айрым илдеттерден кабар бере турганын "Известия" терапевт Оксана Хамицевага таянып жазды.
Дарыгердин айтымында, көбүнчө тамактангандан соң баштын ооруганы кант диабети менен байланыштуу. Ошондой эле өттүн иштешинин бузулушу да себеп.
"Тамак ичкенде кандагы кант дароо көтөрүлөт, бир аздан соң кайра түшөт. Мында мээ жетиштүү энергия ала албай баш ооруйт. Кант диабетине кайдыгерликтин да кесепети оор. Анын айынан бөйрөк жабыркайт, жүрөк менен мээнин тамырына доо кетет, көз начарлайт, кан басым көтөрүлүп, ичеги-карын оорулары, инфаркт же инсульт келип чыгат. Эгерде өт ооруса, тезинен эндокринологго кайрылуу керек", — деди дарыгер.
Андан сырткары, тамактангандан кийин баштын оорушуна айрым азыктарга карата аллергия менен уулуу заттарга болгон реакция да себеп экенин белгиледи.
Муну менен катар баш ооруну баскан дарыларды ичүү ашказан илдеттерин пайда кылары кошумчаланды.