Парламент казиного уруксат берүү мыйзамын биринчи окууда колдоп берди

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштап, парламентке алып келди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш казиного уруксат берүү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мындай демилгени министрлер кабинети сунуштап, парламентке алып келген. Талкуунун соңунда мыйзам долбооруна 55 депутат "макул", 14ү "каршы" добушун берди.
Өкмөт казино, онлайн-казино, автоматтык оюндар, букмекердик контора сыяктуу кумар оюндарынын түрлөрүнө уруксат берүү менен бюджетке жылына бир-эки миллиард сом акча түшүрүүнү көздөп жатат. Ага чет элдиктер гана кирип, кыргыз жарандарынын ойношуна тыюу салынат.
Кээ бир депутаттар бул мыйзам өтө кооптуу экенин, кыргыз жарандары да кирип ойноп алышат деген тобокелчиликтерди айтууда.
Кумар оюндарына канча салык салынат? Өкмөттүн сунушу