БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткенде жааган жаандын кесепетинен Ош — Баткен — Раззаков көчөсү жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"11-май күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам каналда суунун деңгээли көтөрүлүп, Ош — Баткен — Раззаков жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сууга толуп, жол эки тараптуу жабылды", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатканы айтылды. Кошумча маалымат берилет.