Нарын: шамал шаардын бир бөлүгүн жарыксыз калтырып, имарат чатырларын учурду. Видео

Мэриядан калаа башчысы менен шаардык жарандык коргонуу комиссиясы ыкчам жыйынга чогулуп, катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана электр энергиясын ыкчам күйгүзүү аракетин көрүп жатканын айтышты.
Sputnik
НАРЫН, 10-май — Sputnik. Нарын шаарында бүгүн болгон катуу шамал эки электр зым теректерди кулатып, чубалгыларды үзүп кеткендиктен шаардын бир топ жери жарыксыз калды. Андан сырткары, бир катар имараттардын чатырын алып кетти. Бул туурасында жергиликтүү кабарчы мэрияга шилтеме берип кабарлады.
"Нарын шаарынын башчысы Канболот Тутуевдин жетекчилиги менен шаардык жарандык коргонуу комиссиясы ыкчам жыйынга чогулуп, катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана электр энергиясын ыкчам күйгүзүү аракетин көрүшүүдө. Бригадалар тартылып, авария катталган аймактарда тийиштүү иштерди жасап жатышат", — деп билдиришкен муниципалитеттен.
Алар жарандардын жаракат алган-албаганы боюнча маалымат беришкен эмес.
Шамал Нарын мамлекеттик университетинин имаратынын чатырын учуруп кеткен. Ошол аймактагы электр түркүктөрү кулаган.
Андан сырткары, калаанын борбордук бөлүгүндөгү кабаттуу үйдүн чатырын жарым-жартылай учурган.
Шамалдын айынан шаардын бир топ бөлүгүндө электр энергиясы өчкөндүгүн жана ал күйө электигин жергиликтүү тургандардын бири кабарлады.
Мэриядан РТС аймагында электр энергиясы берилгендигин, башка жерлерде электр кубатын калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.
Суу районду каптап... Сузактагы абалдын асмандан көрүнүшү