Сын айтарда этият болсок! Президенттин маалымат катчысы депутаттарга кайрылды

Буга чейин Жогорку Кеңештин эки депутаты Казакстанга суу бербей жаап салууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эл өкүлдөрүнө кайрылып, аларды эл аралык мамилелер боюнча сын айтарда этият болууга чакырды.
"Урматтуу депутаттар, коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтарда этият болсонуздар, сураныч! Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз", — деп жазган Султанбаев.
Буга чейин Жогорку Кеңештин эки депутаты кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунааларга болгон тоскоолдуктардан улам Казакстанга суу бербей жаап салууга чакырган.
Казакстан ЕАЭБден чыгары тууралуу маалыматты төгүндөдү