КР Чек ара кызматы: Өзбекстандын чек арачылары өз аймагын тосуп жатат

Өзбек тарап өз аймагын тосуп жатканы боюнча учурда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутатынын “Өзбекстандын чек арачылары Баткен облусундагы кыргыз айылына зым тартып жатат” деп айтканына жооп берди.
Маалым болгондой, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери өзүнүн аймагына зым тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жасап жатышат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашууга ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Пылдырак жерлигиндеги Арпа-Сай айылына жакын участокто чек араны делимитациялоо процесси аяктаган.

"Макулдашуу 2017-жылдын 28-сентябрында Кыргызстандын парламенти тарабынан ратификацияланган. Бул чек аранын такталган тилкеси. Азыркы учурда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери өзүнүн аймагына зым тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жасап жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Өзбек тарап өз аймагын тосо тургандыгы боюнча чек арага жакын жайгашкан аймактын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү жана жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу.
Эске салсак, бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Кадамжай районунун тургундарынын айтымына таянып, парламентте Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан кыргыз айылына коңшу өлкөнүн аскерлери келип зым тартып жатканын билдирген.
Сүйлөшкөн болбойт экен! Депутаттар Казакстанга суу бербей жаап салууга чакырды