Депутат: Кадамжайдагы кыргыз айылына өзбек аскерлери арык казып, зым тартууда

Парламентарий бийлик өкүлдөрүнөн жерине барып маселени чечип беришин талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан кыргыз айылына коңшу өлкөнүн аскерлери келип зым тартууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламентте билдирди.
Эл өкүлү ага Кадамжай районундагы Маркас айыл өкмөтүнүн Арпа-Сай айылынын тургундары кайрылганын айтты.
"Жашоочулар Өзбекстандын чек ара кызматкерлери, ишкерлери Кыргызстандын аймагына кирип арык казып, зым тартып жатат" деп тынчсызданууда. Буга тез арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Чек ара кызматы чара көрүшү зарыл", — деди депутат.
Ошондой эле ал бийлик өкүлдөрүнөн жерине барып ушул маселени чечип беришин талап кылды.
Үч кыргызстандыктын өлүмү: өзбек чек арачыларынын гильзалары КР аймагында табылды