БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев казионун арты менен марихуанага да уруксат берүүнү сунуштады.
"Бул мыйзам долбоорун колдош керек. Казино эле эмес, жадагалса марихуанага да уруксат бериш керек. Эчак эле легалдаштырыш керек болчу. Ысык-Көлгө апийим экчүбүз, аны унутуп калдык. Мунай, газы жок эле экономикалык саясатты жүргүзүү үчүн стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алыш керек", — деди Малиев.
Ошондой эле кизино иштеп жаткан маалда Кыргызстанга Кытайдан күнүнө эки авиакаттам келип турганын белгиледи.
"Биз эмнеге чет элдиктердин акчасын аяп жатабыз. Кытайлыктар келип ойноп жеңилип кетишчү. Жеңиш үчүн кайра барып акча алып келишчү. Кытайдан акча алып келе беришсин да, бул жаманбы? Ал эми биздин жарандар ансыз деле Казакстанга барып ойноп жатышат", — деди депутат.
Талкуунун натыйжасында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.