Кыз узатуудан 32 киши ууланды. Сүлүктүдөгү окуя

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде кыз узатуудан кийин 32 адам ууланган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Окуя 8-майда болгон.
“Кыз узатууга 180 киши келген. 9-майдан бери тамактан ууланган белгилер менен медициналык жардамга 32 адам кайрылган. Алардын 11и Сүлүктү шаарындагы ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө турса, 21 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Жабыркагандардын абалы орточо оор жана алар тишелүү дарыларды алып жатат”, — деп айтылган маалыматта.
Аталган департаменттин өкүлдөрү ишти териштире келгенде конокторго эт кошулган палоону кафе бышырып бергени, ал эми салаттарды салтанаттын ээлери үйүнөн жасап келгени маалым болгон.
Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистер тиешелүү үлгүлөрдү алышканы айтылды.
Аталган кафеге санитардык-гигиеналык эрежелерди бузгандыгы үчүн 15 000 сомдук айып салынган.
Бишкекте тез татымдан шаурма жеген 11 адам ууланды