Шаршембиге карата аба ырайы

11-12-майда өлкө аймагында абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. 11-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө, Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, Ош калаасында +24...+26 градуска жетет.
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы