Садыр Жапаровдун ипотека компаниясына берген үйү сатылды. Баасы

Жапаров үйүн 2021-жылдын сентябрь айында Ипотека боюнча мамлекеттик компанияга берген эле. Тамды баштапкы баасынан арзандатып сатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун сатыкка коюлган мурдагы тамы 28 миллион 50 миң сомго өткөнүн Ипотека боюнча мамлекеттик компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров үйүн 30-сентябрда мамлекеттик компанияга өткөрүп берген. Президенттин айтымында, ал тамды 2005-жылы алган. Кийинчерээк, 2010-жылы, үй-бүлөсү менен башка жакка көчүп, бош калган үйдү бала бакча катары иштетип турушкан.
Там Бишкектеги Худайбергенов, 81а дарегинде жайгашкан. Жалпы аянты 390,6 чарчы метр, жер аянты 852 чарчы метр. МИКтен тамдын абалы эң жакшы экендигин айтышты.
Биринчи аукцион былтыр 24-декабрда жарыяланган. Баштапкы баа 33 миллион 700 миң сом же андагы курс менен алганда 396 470 доллар болгон.
Февраль айында компания экинчи ирет сатыкка алып чыгып, баасын 28 миллион 046 800 миң сомго (330 800 доллар) деп койгон, тагыраагы, 5,6 миллион сомго арзандатышкан. Жыйынтыгында хан сарай апрель айында 28 миллион 50 миң сомго өткөн. Маалымат кызматы сатып алган адам аты-жөнүн ачыктабоону суранганын билдирди.
"Биринчи ирет сатыкка алып чыкканда компания баасын 20 пайызга көтөргөн, буга тооруктун процедурасы жол берет. Анда биз мамлекет башчынын үйүн өткөрө алган эмеспиз. Экинчи аукциондо 20 пайыз кошумча акчаны алып салып, үй сатылды", — деп айтылат маалыматта.
Тамдын акчасы даяр үй алууга жумшалары айтылды. Батирлер "Менин үйүм — 2021-2026" деп аталган турак жай программасынын катышуучуларына берилет.
Өкмөт: ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки турак жайларды алууга болот