Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады

Өлкө башчы белгилегендей, Кумтөр кенине тышкы башкаруу 2021-жылдын 17-майында кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу эки айдан кийин кыргызстандыктарга Кумтөр алтын кениндеги каржылык жана башка ишмердүүлүк боюнча отчет берилерин убадалады.
Президент Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсеп палатасын жибергенин белгилеген.
"Кумтөр кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет", — деген Жапаров.
Эске салсак, 4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн, канадалык компания менен бардык маселелер чечилгенин жар салган.
Тараптардын ортосундагы келишимде төмөнкү шарттар каралган:
Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү;
Тышкы башкаруу киргизилген 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза киреше — 323 миллион доллардан ашык каражат Кыргызстандын менчиги экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык;
Centerra бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду, анын көлөмү болжол менен 11 миллион долларды түзөт;
Centerra кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет;
Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык, бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген;
Centerra 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты;
Centerra АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду;
"Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Centerra компаниясындагы 26 пайыз үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда Centerra аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.
Жапаровдун кайрылуусунан киийн Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы "Кыргыз алтын" ишканасындагы бизнес-активдерин сатууга макулдук бергендигин жана өлкөдөн кетерин жарыя кылган.
Жапаров быйыл Кумтөрдөн 17 тоннанын тегерегинде алтын казыларын билдирди