БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Луганскинин аскерлери россиялык армиянын жардамы менен республиканын чек арасына жетти. Бул туурасында РФтин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдиргендигин РИА Новости жазды.
"Эл жашаган Попасная аймагын улутчулдардан тазалап бүтүп, каршылаштардын терең орноп алган эшелондук коргонуусун үзүп, Луганск Эл Республикасынын администрациялык чек арасына чыкты", — деген ал.
Генералдын айтымында, муну менен кошо алар украиналык 120 улутчулду, сооттолгон 13 техниканы жана ар кыл багыттагы 12 автоунааны жок кылышкан.
Попасная ЛЭРдин батыш тарабында жайгашкан. Республиканын көз карандысыздыгы жарыялангандан кийин шаар бир канча убакытка чейин ЛЭРдин карамагында туруп, бирок 2014-жылдын июль айынан тарта Киевдин бийлигине карап калган. Россиянын атайын операциясы башталганга чейин ал жакта 20 миңге чукул адам жашаган.
Попасная үчүн болгон салгылаш февралдан тарта башталган. Бул Артемовск, Красноармейск, Лисичанск жана Светлодарск аймактарына өтө турган да жол болуп эсептелет.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын билдирген. Алар Донбассты бошотуу башкы максат экендигин айтышкан.