Жамалбек Ырсалиевдин ордуна Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты мурда Жамалбек Ырсалиев ээлеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Борбор калаанын муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Олег Попиков баш калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалса, бул кызматты аркалаган Жамалбек Ырсалиев "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору болду.
"Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды