Бишкекте эки көчөнүн бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылат

"Бишкек жылуулук тармагы" айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкекте Фрунзе жана Турусбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы билдирди.
11-майда жылуулук тармактарын оңдоо иши башталат. Буга байланыштуу реконструкциянын биринчи этабында Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Шевченкого чейинки бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери 5-июнга чейин созулат.
Экинчи этапта Турусбеков көчөсү Абдумомуновдон Фрунзеге чейин жабылат. Иш кайсы күнү баштала турганы азырынча айтыла элек.
"Бишкек жылуулук тармагы" түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.
Боомдун жолунда таш түшүрүлүп, трасса жабылат