Талаа иштеринен кийин чарчаган денени кантип эс алдыруу керек?

Адис спорт менен машыкпаган адам көп иш жасаса булчуңдарга күч келерин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Талаа жумуштарын жасагандан кийин чарчоону жана дененин ооруксунушун кантип жазуу керектигин РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин алгачкы санитардык-медициналык жардам көрсөтүү боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников айтып берди.
Ал мончо, укалоо жана муздак компресс жардам бере турганын, эгер ооруксунганы үч күндүн ичинде кетпесе дарыгерге кайрылуу керектигин билдирди.
Адис спорт менен машыгып жүрбөгөн адам көп иш кылса булчуңдарга күч келерин эске салды. Ошондуктан жумушту аздан жасап же акырындан көбөйтпөсө, эт менен булчуң чоюлуп, керек болсо адам майда жаракат алышы да мүмкүн.
"Дене аябай оорутпаса массаж кылып, муздак компресс басса болот. Мончо да булчуңдарды калыбына келтиргенге жардам берет. Адатта ооруксунтуу үч суткада кетет", — деген Тяжельников.
Дарыгер дене кызарып шишисе, бастырбай катуу ооруса, дароо ооруканага баруу керектигин айтты.
Чийки жумуртка үндү ачабы? Дарыгерлер оору жугушу мүмкүндүгүн айтты