"Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу биз, тарыхчылар, бир дагы китеп чыгара элекпиз. Ар ким өзүнүн айылынын, районунун деңгээлинде изилдеген же социалдык тармактардын алкагында жүргүзүп жаткан иштеринен башка колго аларлык эч нерсебиз жок. Бул багытта Советтер Союзуна кирген алыскы мамлекеттерди мындай кой, кошуна Казакстан, Өзбекстан ат чабым алдыга озуп кетти. Алар бир эмес, 10 томдуктарын чыгарып коюшту. Биздин да өкмөт тарыхчыларга тапшырма берип, илимпоздордун тобу айылдарды кыдырып, башкасы архив менен иштеп, тарыхыбыздын ушул бүркөмүн ардагер ата-энелердин көзү тирүү кезинде жазып калсак болмок. Буга көп деле каражат талап кылынбайт, тапшырма берүү жана уюштуруу иштери гана керек болуп турат. Өкмөт колго албаса тарыхчылар арасында деле башка тармактардагыдай илим изилдегенге эмес, аткаминер болгонго аракет көргөндөр көп", — деди Бөтөнөев.