Радио

Малабаев: жаштарга Улуу Жеңиш тууралуу тарыхый маалыматтар жетпей жатат

Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университетинин коомдук илимдер кафедрасынын ага мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу жаштарга туура маалымат жеткирүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш темасын изилдөөнү колго алып, архивдик материалдарга таянуу менен иш жүргүзүүнү кечиктирбей жасашы зарыл. Мындай пикирин Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө аталган темада жаштарды маалымат жеткирүү жагынан уттуруп жатат.

"Улуу Ата Мекендик согуш темасы негизи эле жакшы иликтенбей келет. Бул кечээги тарых деп маани бербегенибиз менен жаштарды маалыматтык жактан тарбиялоодо уттуруп жатабыз. Анткени бул жерде чоң идеология жатат. Ал биздин тарыхыбыз, жаштарыбыз туура, тарыхый маалыматтарга ээ болуп чоңоюшу керек. Мисалы, Совет доорунда бизди Улуу Ата Мекендик согушту жеңгенбиз, 9-Май - Жеңиш күнү деп тарбиялаган. Бирок батышта деле дал ушундай жеңиш алардыкы деген тарбиялык саясат жүрүп келет да. Биз дагы аталган маселеде эгемендүү өлкө катары, архивдик маалыматтарга таянып, аларды басмадан чыгарып, келечек муунга туура маалымат жеткиришибиз керек", — деди Малабаев.

Тарыхчы Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз элинин жана жоокерлеринин орду чоң экенин кошумчалады.