Түштүк Осетиянын Россиянын курамына кириши боюнча референдум болот

Бибилов буга чейин Россия менен биригүү осетин элинин эзелки кыялы жана башкы стратегиялык максаты экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Түштүк Осетиянын Россиянын курамына кириши боюнча референдум болот. Бардык документтер чогултулуп, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген. Бул тууралуу өлкөнүн азыркы президенти Анатолий Бибилов билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкөнүн азыркы башчысы бул боюнча президенттик шайлоонун экинчи турунан кийин оппоненти Алан Гаглоевдин жеңишин тааныган соң билдирген.

"Референдум болот. БШК баарын карап чыгып, документтерди Жогорку Сотко берип, датасын аныкташы керек", — деди ал.

БШКнын маалыматы боюнча, протоколдордун 18 пайызы каралган соң экинчи турда Гаглоев добуштардын 59,22 пайызын, ал эми Бибилов 37 пайызын алган. Бибилов шайлоодо утулганын мойнуна алып, Гаглоевдин ишине ийгилик каалаган.
Буга чейин Түштүк Осетияда президенттик шайлоо өткөн соң анын Россиянын курамына кириши боюнча референдум өткөрүлөрү пландалып жатканы маалым болгон. Бибилов Россия менен биригүү осетин элинин эзелки кыялы жана башкы стратегиялык максаты экенин айткан.
Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт