Россиянын Польшадагы элчисине кол салуу боюнча РФ ТИМи билдирүү жасады

Бүгүн, 9-майда, Варшавада Россиянын элчиси Сергей Андреевге кол салуу болду. Бул чатак дипломат Варшавадагы советтик жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу үчүн барганда чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Польшадагы Россиянын элчиси Сергей Андреевге Варшава шаарындагы советтик жоокердин мүрзөсүнө барганда кол салынган факты боюнча РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram аккаунтунда билдирүү кылды.
Эске салсак, Россиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Варшавадагы аскердин мүрзөсүнө гүл коюуга барганда бети-башына кызыл түстөгү боёк чачып, кол салышкан. Бул окуядан кийин дипломат полиция кызматкерлеринин коштоосу менен жаалдангандар келип алган мүрзөдөн кетүүгө аргасыз болгон.

"Неонацизмдин күйөрмандары бул сапар өзүнүн чыныгы жүзүн ачышты. Анын кандуу экенин да көрсөтүштү. Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларынын эстелигин талкалоо, мүрзөлөрдү кордоп, эми абийирдүү, кадимки адам үчүн ыйык деп эсептелген курман болгондорго гүл коюу иш-чарасын үзгүлтүккө учуратуу ансыз да белгилүү болуп турган Батыштын фашизмди жандандырууга багыт алгандыгын далилдеп жатат. Бирок, жогоруда белгилеп кеткендей, бизди эч ким коркута албайт", — деп жазган Захарова.

ТИМ өкүлү "Европанын жашоочулары өзүнүн кебетесин күзгүдөн көрсө, корксо керек" деп кошумчалаган.
Эске салсак, Польшаны фашисттерден куткаруу учурунда советтик 477 миң жоокер курман болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаксытуу амалыбы? АКШ менен Польша Калининграддын жанында машыгуу өткөрүүдө