Польшада гүл коюуга барган Россиянын элчисине кол салышты. Видео

Жаалданган польшалыктар менен украиндер дипломаттын жолун бууп, мазактап кыйкырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Варшавадагы советтик жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп жатканда бети-башына кызыл түстөгү боёк чачып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жаалданып кыйкыргандар элчинин гүл коюшуна мүмкүнчүлүк берген эмес. Агенттиктин кабарчысынын билдиргенине караганда, агрессиялык маанайдагы польшалыктар менен украиндер дипломаттын жолун бууп, мазактап кыйкырышкан. Бул окуядан кийин Андреев полиция кызматкерлеринин коштоосу менен ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми мемориалга белгисиз бирөөлөр оозго алгыс сөздөрдү жазып кеткен.
Россиянын дипмиссиясы бул өлкөдө "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүгө ниеттенип, бирок Польша ТИМи РФтин Украинадагы атайын операциясына шылтоолоп иш-чараны өткөрбөөнү айткан.
Варшава аталган нерсе алардын жергиликтүү мыйзамына каршы келерин билдирген. Анткен менен Москва мындай позицияны негизсиз жана мааниси жок шылтоо деп атаган.
Эске салсак, Польшаны фашисттерден куткаруу учурунда советтик 477 миң жоокер курман болгон.
Россия газынан баш тарткан Польша аны Германиядан реверсиялап алууда