Жапаров согуштун ардагери Аспек Жумашевди үйүнө барып куттуктады. Сүрөт

Бүгүн дүйнөнүн башка мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстан да Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

2 / 4

Жапаров ардагерди куттуктап, ага узун өмүр, чың ден соолук каалады

3 / 4

Президент согуштун катышуучулары кармаш талаасында эбегейсиз эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөнүн, мунун аркасында алардын урпактары тынчтыкта, бейпилдикте жашап жатканын белгиледи

4 / 4

Бүгүн дүйнөнүн башка мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстан да Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилеп жатат

"Жапаров ардагерди куттуктап, ага узун өмүр, чың ден соолук каалады. Президент согуштун катышуучулары кармаш талаасында эбегейсиз эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөнүн, мунун аркасында алардын урпактары тынчтыкта, бейпилдикте жашап жатканын белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Бүгүн дүйнөнүн башка мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстан да Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилеп жатат.
Унутууга акыбыз жок! Садыр Жапаров согушта курман болгондорду эскерди