РФ премьери Мишустин Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Мишустин Кыргызстанда жашаган согуш ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктап телеграмма жөнөттү.
"Ушул күндөрү биз келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргоп калган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Биздин жалпы тарыхыбыздагы бул улуу окуя Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын бир тууган элдерин ажырагыс кылып байланыштырды. Согуш талаасында чыңдалган достук жана жолдоштук орус-кыргыз кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп саналат. Мындан ары да ушундай боло берерине ишенем. Кыргызстанда жашаган согуш ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Буга чейин президенттер Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктаган.
Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер