Кыргызстандыктар фронтко кантип жардам берген? Согуш жылдарындагы ирмемдер

Бүгүн Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги фронттогуларга кол сунуп, оорукта эмгектенген жай тургундардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согушта душман менен салгылашкан жоокерлерге колхоз, совхоздордо иштеген кары-картаң, келин-кесек, өспүрүмдөр жардам берген. Алар талаада эгинин айдап, тоодо малын багып кыйын күндөрдү башынан кечирип, фронтко нан, эт, мөмө-жемиш, кийим-кече жөнөтүп турган.
Ал эми чыгармачыл инсандар жоокерлерге концерт, спектакль тартуулап барып, алардын духун көтөргөн.
Эске сала кетсек, согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, 100 миңден ашуун жердешибиз курман болуп, көпчүлүгү дайынсыз жоголгон. Кан майданда эрдик көргөзгөн 77 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры болгон.
1 / 13

Талаадан жыйнаган түшүмүн араба жүктөп алып фронтко жөнөткөн элеттиктер

2 / 13

Кыргыз ССРинде жашаган жарандар акча чогултуп кыргызстандык жоокерлер үчүн танктарды чогулттурган

3 / 13

Фронтко эт жөнөтүү үчүн койлорун сойгону айдап бараткан чабан

4 / 13

Жеңиш үчүн эч нерсесин аябаган карапайым эл

5 / 13

Кыргызстандан согушка аттангандарга кийим-кече тиккен кыз-келиндер

6 / 13

Кайраттуу жоокерлерге дарбыз чогулткан дыйкандар

7 / 13

Элден фронттогуларга чогултулган буудай

8 / 13

Алыстан кыргыз элинин жардамын алган жоокерлер

9 / 13

Кара жанын карч уруп фашисттер менен салгылашкандарга чогултулган жылуу кийим-кече

10 / 13

СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева менен Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун жана Украина фронтунун жоокерлери, 1942-жыл

11 / 13

Кан майдандагыларга консерваланган азык даярдаган аялдар

12 / 13

Согуштан жакынынын аман-эсен келишин күткөндөр фронтко колунда болгонун жиберген

13 / 13

Ал жылдары айылда карыган чал-кемпир, кыз-келин жана кичинекей балдар гана калып, алардын мойнуна оор түйшүк жүктөлгөн

Тема боюнча:
Москвадан алып келинген "Эскерүү оту". Иш-чарадан 10 сүрөт
Эмгек майрамы Советтик Кыргызстанда кантип белгиленген? Тарыхый ирмемдер
"Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр
Улуттук университетти СССРдин мыкты окуу жайына айланткан. Кайып Оторбаевди эскерүү