Генералдын арманы. Парз, Горбачевго кат, бааланбай калган баатырдык

Маек апааттуу согушта жеңишти жакындатуу үчүн башын канжыгага байлап койгон баатырларыбызга арналды. Жок дегенде аттарын атап, урматыбызды көрсөтүп, эрдик унутулбай турганын билдирели дедик.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков 1989-жылы биринчилерден болуп СССРдин армиясынын атактуу генералы, советтик кол башчы теги кыргызстандык Николай Лященко, учкуч Исмаилбек Таранчиев жана Панфилов дивизиясынын жоокери Ашырбай Коёнкөзовго СССРдин Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу демилге көтөргөн. Бул демилгени ишке ашырууга белгилүү илимпоз Макай Усупов, атактуу котормочу Абылкасым Кангелдиев, запастагы подполковник Арун Аджиев, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов жана полковник Виталий Мельников чоң көмөк көрсөтүшкөн.
Жогорудагы каармандардын кан майданда көрсөткөн баатырдыгын борбордук архивден алынган документтер менен далилдешкен. Натыйжада Лященко менен Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Ал эми 1991-жылдын аягында СССР ыдырап, анын кесепетинен Коёнкөзовго бул наам берилбей калат. Калыйнур Үсөнбеков "куралдашым Ашырбайдын алдында парзымды аткара албай калдым" деп аябай арман кылган экен. Үсөнбековдун жакын тууганы, атайын кызматтын ардагери, отставкадагы полковник Ой-Талбек Осмонов ушул тарыхый окуянын чоо-жайын колумнист Алмаз Батиловго айтып берди.
Атайын кызматтын кызматкери отставкадагы полковник Ой-Талбек Осмонов (оң жакта) КР аскер чалгын кызматынын негиздөөчүсү агасы Жумалы Кубатов менен. Фрунзе, 1981-жыл. 10-февраль
— СССР армиясынын генералы Николай Лященко, учкуч Исмаил Таранчиев жана Панфилов дивизиясынын жоокери Ашырбай Коёнкозовго Советтер Союзунун Баатыры наамын берүү демилгеси кандайча көтөрүлгөн экен?
— Калыйнур Үсөнбеков карапайым, адамгерчилиги бийик инсан эле. Куралдаштары менен дайыма жолугуп, алардын турмушу жөнүндө маалымат алып турчу. Улуу Ата Мекендик согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, оорукта эмгектенгендердин республикалык ардагерлер кеңешин жетектечү. Үсөнбеков өлкөнү түрө кыдырып жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого аябай көңүл буруп, аскердик-патриоттук жыйындарды өткөрүп турар эле. Ушундай жыйындардын биринде Калыйнур атабыз Ата Мекендик согуш учурунда айрым кыргызстандык жоокерлердин өзгөчө эрдиктери бааланбай калганы тууралуу баса белгилеп айтчу. Андан кийин Үсөнбеков армиянын генералы Николай Лященко, учкуч Исмаилбек Таранчиев жана панфиловчу Ашырбай Коёнкөзовго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилиши керек деген демилге көтөрөт. Ошол учурда Таранчиев менен Коёнкөзов кан майданда кандайча каза болгону тууралуу маалымат абдан аз эле. 79 жаштагы Лященко ал кезде Москвада жашачу.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик ишмер жана котормочу Абылкасым Кангелдиев үй-бүлөсү менен. Москва, 1978-жыл
— Бул багытта илимий изилдөөлөр жүрсө керек?
— 1989-жылы Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 45 жылдыгына байланыштуу орус тилинде "Книга памяти" аттуу китеп даярдала баштайт. Үсөнбеков бул илимий ишке жан дили менен аралашат. Китептин редакциялык коллегиясына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тарых илимдеринин доктору Макай Усупов чакырылат. Андан кийин Москвада Жогорку Советтин жооптуу кызматкери, белгилүү котормочу Абылкасым Кангелдиев жана запастагы подполковник, Нарын облусунда ардагерлер уюмунун жетекчиси Арун Аджиев кошулат. Абылкасым менен Арун агайлар да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болчу. Үсөнбеков, Усупов, Кангелдиев жана Аджиев биргелешип Подольск шаарында жайгашкан СССРдин Коргоо министрлигинин борбордук архивинен материалдарды таап, ошонун негизинде үчөөнүн баатырдыгын далилдешет. Макай Усупович китептин кириш сөзүн, негизги сегиз главасын жазган. Ошол эле жылы Калыйнур Үсөнбекович Советтер Союзунун Жогорку Советине депутат болуп шайланат. Бул жогорку мамлекеттик органга аны менен бирге СССРдин атайын кызматынын легендарлуу генералы Жумабек Асанкулов да келет. Экөө абдан ынак болчу. Советтер Союзунун Жогорку Советинин эң акыркы чакырылышынын эл өкүлдөрүнүн кызматтык укуктары мурдагыга караганда аябай кеңири эле. Ушундан пайдаланып Үсөнбеков Асанкуловдон жогоруда айтылган үч кыргызстандык жоокер тууралуу Москвадагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын архивинен кошумча маалымат таап берүүнү өтүнөт. Жумабек Асанкулович бул ишти Кыргыз ССРинин атайын кызматынын архивинин жетекчиси полковник Виталий Мельниковго тапшырат. Маалыматтар Москвадагы архивден табылат. Анын жыйынтыгы менен Калыйнур Үсөнбекович СССРдин Жогорку Советинин депутаты катары совет мамлекетинин эң биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвго расмий кайрылуу даярдап, үч жердешибизди Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйлоону өтүнөт. Буга Үсөнбековдун катчысы Фаина Смирнова жана афган согушунун ардагери Чолпонбек Беккелдиев күбө. Чолпонбек да республикалык ардагерлер уюмунда Калыйнур Үсөнбекович менен чогуу иштешчү. Горбачёв Үсөнбековду колдоп Лященко менен Таранчиевди СССРдин эң жогорку наамы менен сыйлайт. Ошол маалда Николай Григорьевич 80 жашта экен. Тилекке каршы, 1991-жылдын аягында Советтер Союзу ыдырап, мунун айынан Коёнкөзовго бул наам берилбей калган.
Тарых илимдеринин доктору, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Макай Усупов, Бишкек. 2019-жыл
— Өзгөчө бүгүнкү күндө ал апааттагы эрдик тууралуу билгендердин саны азайып бараткан сыяктанат...
— Учкуч Таранчиевдин баатырдыгы кеңири белгилүү. Ошондуктан ага кайрылуунун кажети жок го. Андан көрө Лященконун өмүр баянына кыскача токтолоюн. Себеби бул инсанды азыркы муун көп биле бербейт. Ысык-Көл районундагы Ананьево айылынын кулуну Николай Григорьевич темир устанын баласы эле. Лященко өзү да темир уста болгон. Сегиз бир тууган экен. Үчөө офицер болду. Николай Григорьевич бала кезинен кыргызча суудай сүйлөчү.
1929-жылы Кызыл армиянын катарына ыктыярчы болуп кошулуптур. Ошол убакта Кытайды Гоминдан партиясы башкарчу. Бул өкмөт Ыраакы Чыгыштагы Советтер Союзуна таандык Чыгыш Кытай темир жолун (КВЖД) талашып согуш ачат. Бирок кыска убакыттын ичинде советтик кошуун гоминданчыларды талкалайт. Бул согушка Лященко да катышат. 1930-жылы ал Ташкент шаарындагы Владимир Ленин атындагы Орто Азиялык бириккен аскердик мектепке окууга өтүп, эки жылдан кийин аяктайт. Курсант кезинде басмачыларга каршы аскердик операцияларга катышып, казак жана өзбек тилин мыкты өздөштүргөн. 1937-38-жылдары Испаниядагы жарандык согушка катышып, көрсөткөн эрдиги үчүн "Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1941-жылы майда Михаил Фрунзе атындагы аскердик академиясын бүтүрүп, 25-июнда Днепропетровск шаарында фашисттерге каршы салгылаша баштаган. 1942-жылы 106-аткычтар дивизиясын жети жолу фашисттик курчоодон алып чыгып, Ленинградды коргоодо жана блокаданы үзүүдө өзгөчө каармандык көрсөткөн. 1943-жылы июнда аны командачылык 90-аткычтар дивизиясынын командири кылып дайындаган. Бул дивизия менен ал Балтика республикаларын, Польша жана Чыгыш Германияны фашисттерден бошоткон.
“Фрунзе-1” гарнизонун саясий ищтер боюнча офицер Валимжан Таңырыков ( оң жактан биринчи) армиянын генералы Николай Лященко (оң жактан экинчи) аскердик-патриоттук оюнуна коштоп бараткан учур
Бир нече жолу жаракат алып, контузия болгон. Анын дивизиясынын урматына Москвада 16 жолу салют атылган. Командачылык эки ирет Советтер Союзунун Баатырдыгына сунуштаган. Бирок белгисиз себептердин айынан бул жогорку наам берилген эмес. 1944-жылы Николай Григорьевичке генерал-майор наамы ыйгарылган. 1945-жылы 29-апрелде Лященко бир ок чыгарбастан Түндүк Германиядагы Грайфсвальд шаарын багындырган. Жеңиш күнүн Николай Григорьевич жоокерлери менен Балтика деңизинин боюндагы Рюген аралында тоскон. Командачылык аны дагы бир жолу Советтер Союзунун Баатырдыгына сунуштайт. Бирок жетекчилик "Кызыл Туу" ордени менен чектелет. Белгилей кетчү жагдай, кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн Николай Григорьевич Суворов, Кутузов, "Кызыл Жылдыз", "Кызыл Туу" жана Ленин ордендери менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы генерал-майор Жумабек Асанкулов кичүү уулу Булат менен. Фрунзе, 1970-жыл
— Бир туугандары да офицер болгон турбайбы. Алар да согушка катышса керек?
— Жети бир тууганы согушка аттанган. Үчөө кан майдандан кайтпай калды. 1945-жылы 13-ноябрда Лященко англиялык генерал-майор Колин Барбер менен жолугат. Экөө Түндүк Германиянын Мекленбург жана Шлезвиг-Гольштейн аймактарында советтик жана британиялык оккупациялык зоналарды бөлүштүрүү тууралуу документке кол коюшат. Ошол маалда Николай Григорьевич баалуу маалыматтар менен мамлекетти камсыздайт. Согуштан кийин Лященко Волга, Орто Азия жана Түркстан аскердик округдарын башкарган. Андан кийин СССРдин Коргоо министрлигинде кеңешчи-инспектор болгон.
Өмүрүнүн аягына чейин Лященко кичи мекени Ананьево айылы менен байланышын үзбөстөн, жердештерине колунан келген жардамын берчү. Өмүрүн баяндаган орус тилинде "Годы в шинели" жана "Время выбрало нас" аттуу китептерин жазган.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков (солдон экинчи) партиялык жана аскердик ишмерлер жолугушуу учурунда. 1980-жыл, офицерлер үйү, Фрунзе
— Николай Григорьевич менен жеке тааныштыгыңыз бар турбайбы?
— 1980-жылы Түштүк Казакстанда советтик армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учурда ири аскердик машыгуу болду. Ага Николай Григорьевич да катышкан. Иш-чара аяктагандан кийин аны менен кокусунан таанышып калдым. Тегимди сурады. Улутум кыргыз, Ысык-Көл облусунан аскерге чакырылгам дедим. "Жердешим турбайсыңбы" деп чын жүрөктөн кубанып, мага өзүнүн "Годы в шинели" китебин тартуулады. Адамгерчиликтүүлүгү абдан таң калтырган. Николай Григорьевичтин бою 208 сантиметр, салмагы 168 килограмм экен. Жомоктордо сүрөттөлгөн алп баатырлар эсиме түшкөн. Бүгүнкү күндө мен үчүн Лященконун китеби эң баалуу таберик.
Панфиловчу Ашырбай Коёнкөзов Чүй каналында эмгекчилер менен жолугушуу учуру. 1942-жыл
— Панфиловчу Ашырбай Коёнкөзов эмне үчүн убагында Советтер Союзунун Баатыры наамын албай калган?
— Бул кишинин да тагдыры абдан кызык. Коёнкөзов генерал Лященко менен жердеш, Түп районундагы Токтоян айылынын кулуну. Ашырбай атабыз да Николай Григорьевич сыяктуу балбан мүчө болуптур. 1941-жылы Коёнкөзов генерал Иван Панфиловдун дивизиясынын катарында Москваны коргойт. Бул салгылаштарда ал диверсиялык ыкма менен согушууга шыктуулугун көрсөтөт. Полктошторунун айтымында жана архивдик документтерде жазылгандай, ал немецтер ыргыткан гранатаны тосуп алып, кайра өздөрүнө ыргыткан учурлар болгон экен. Мындан тышкары, Коёнкөзов аттын кулагы менен тең ойночу экен. Ошондуктан 1942-жылы аны командачылык Ленинград аймагындагы 7-партизан бригадасына жиберет. Ал жерде Коёнкөзов диверсиялык иштерди жүргүзгөн. Баш-аягы 138 гитлерчини жок кылып, 18 фашистти туткунга алган. 1943-жылы 31-декабрда 37 жашында Псков районунда баатырларча курман болгон.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков (солдон экинчи) партиялык жана аскердик ишмерлер жолугушуу учурунда. 1980-жыл, офицерлер үйү, Фрунзе
Жердешибиздин эрдиги тууралуу документтер мамлекеттик сыр болгондуктан, 46 жыл бул маалымат ачыкталган эмес. СССРдин учурунда диверсант деген сөз террорчулукка теңелип идеологиялык мааниге ээ болгон үчүн Ашырбай атабыздын каармандыгы айтылбай калган. Эң өкүнүчтүүсү — Советтер Союзу ыдырап, ага наам берилбей калды. Калыйнур Үсөнбекович Коёнкөзовдун баатырдыгы дагы бааланбай калды деп абдан капа болгон. Ашырбайдын эрдигин Гиннес китебине киргизүү тууралуу да ою бар болчу. Өмүрүнүн аягына чейин Коёнкөзовдун эрдиги унутулуп калабы деген арман менен бул жалган дүйнөдөн өттү. Ашырбай атабыздын эрдиги баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун болот деген макалдын тереңдигин айгинелеп турарына ынандым.
"Кырк жылдык кыргындан" аман чыккан ардагерлер. 9-майга карата толгонуу
Унутууга акыбыз жок! Садыр Жапаров согушта курман болгондорду эскерди