Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Облус бийлиги: Херсон Россияга кошулууга аракет кылат

Стремоусов Херсон аймагынын тургундары РФ жараны болуп, туруктуу социалдык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Херсон облусу Россиянын курамына мүмкүн болушунча интеграцияланууга умтулат. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактын аскердик-жарандык администрациясынын төрагасынын орун басары Кирилл Стремоусов билдирген.
Анын айтымында, референдум өткөрүү азырынча планда жок.
"Референдум өткөрүп, республика түзүүнү пландаган жокпуз. Бизде болгон мүмкүнчүлүктүн негизинде Россиянын курамына мүмкүн болушунча интеграцияланабыз", — деген ал.
Анын айтымында, Херсон облусунун тургундары Россиянын жараны болуп, туруктуу социалдык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Атайын операция учурунда Россиянын аскерлери Херсон облусун толугу менен көзөмөлүнө алышкан. Аймакта аскердик-жарандык администрация түзүлүп, Россиянын ТВ, радиолору көрсөтүлө баштаган. Учурда Крым менен соода байланышы калыбына келтирилүүдө.
"Единая Россия" партиясынын Башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Россия Херсон облусуна биротоло келгенин билдирген. Ал эми Херсон облусунун администрация башчысы Владимир Сальдо аймак Россиянын ажырагыс бөлүгү болуп калганын белгилеген.
Түштүк Осетиянын Россиянын курамына кириши боюнча референдум болот