БИШКЕК, 9-май — Sputnik. WBA версиясы боюнча чемпиондук наамын коргогон кыргызстандык Дмитрий Бивол мекендештерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал видео кайрылууну Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулуна жиберген.
"Беттешти көрүп колдоп, куттуктагандардын бардыгына ыраазычылык билдирем. Биз жеңдик! Данияр, Токмоктон Вегаска жол бар экен да. Баш көтөрбөй иштеш керек", — деген Бивол.
Кыргызстанда туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол кечээ белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Беттеш Лас-Вегаста өткөн.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт. Ал рингде жеңилип көргөн эмес. 20 кармаштын 11ин нокаут менен уткан жана WBA уюмунун супер чемпиону.