Бишкек — Ош жолунда Stepwgn менен Hyundai кагышып, бир аял каза болду. Сүрөт

Милициянын версиясы боюнча, минивэндин айдоочусу рулга ээ боло албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен бир аял каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек — Ош жолунда эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен бир аял каза болду
Кырсык бүгүн, 9-майда, саат 13:15тер чамасында Бишкек — Ош жолунун 197-чакырымында болгон. ИИМдин версиясы боюнча, түштүктү көздөй бараткан Honda Stepwgn айдоочусу унааны башкара албай калып каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Stepwgn машинасын Алай районунун 39 жаштагы тургуну, Hyundai Getz транспортун Бишкек шаарынын 41 жаштагы жашоочусу айдап бараткан.
Кырсыктын кесепетинен Hyundai унаасынын ичинде отурган 42 жаштагы аял набыт болду. Эки жаш бала Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.
Ал эми айдоочулар Токтогул районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаты менен жеткирилген.
Бишкекте жеңил көлүк менен кагышкан өрт өчүрүүчү автоунаа оодарылып кетти. Видео