Кадамжайда жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды. Сүрөт

Абдикарим Алимбаев буга чейин облуста улуттук оюндарды өткөрүү үчүн талапка жооп берген ипподром жок болгонун, спорт тармагына колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө ат майдан курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Баткендин Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө ат майдан курулат

2 / 4

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев спорттук жайдын курулушуна капсула салган

3 / 4

Ага Жогору Кеңештин депутаттары, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле ат майдандын курулушуна колдоо көрсөткөн тараптар катышкан

4 / 4

Алимбаев буга чейин облуста улуттук оюндарды өткөрүү үчүн талапка жооп берген ипподром жок болгонун, спорт тармагына колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев спорттук жайдын курулушуна капсула салган. Ага Жогору Кеңештин депутаттары, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле ат майдандын курулушуна колдоо көрсөткөн тараптар катышкан.
Алимбаев буга чейин облуста улуттук оюндарды өткөрүү үчүн талапка жооп берген ипподром жок болгонун, спорт тармагына колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген.
Балбан кыз-келиндер үчүн спортзал курулат. Садыр Жапаров капсула салды