Тажикстан чек арачылары Афганистан тараптан чабуул болгонун кабарлады

Маалыматта Афганистан тараптан жети ракета келип түшкөнү, Тажикстанда каза болгондор жок экендиги айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Тажикстандын Чек ара кызматы Афганистан тараптан чабуул болгонун кабарлады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Кабарда согушкерлер жети ракета коё бергендиги: төртөө Амударья суусуна, үчөө жакын жайгашкан токойго түшкөнү жазылган. Sputnik Тажикстандын маалымат булагы окуя Хатлон облусундагы Фархорск районунда болгонун айткан.
"Аскерлер террорчулар түшкөн автоунааны көргөн. Автокөлүк күйүп, алардын үчөө жаракат алганы, бирөөнүн абалы оор экени белгилүү болду", — деген ал.
АКШ Тажикстанга коопсуздук үчүн 8 автоунаа берди, эми 60 млн. доллар бөлмөкчү