Россия Европага кеткен газды башка кайда багыттай алат? Эксперттин пикири

Аналитик 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Европа алып жаткан Россиянын газы толугу менен Азия-Тынч океан аймагына багытталышы ыктымал. Бирок ал үчүн экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү керек. Бул тууралуу РИА Новостиге Vygon Consulting компаниясынын консультанты Иван Тимонин билдирген.
"Учурда Европа колдонуп жаткан Россия газы толук көлөмдө Азия-Тынч океан аймагына багытталышы ыктымал. Бирок ал үчүн жаңы газ түтүктөрүн, заводдорду куруп, экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Ага убакыт керек", — деген Тимонин.
Аналитик Россиянын газын Азияга багыттоо европалык колдонуучулардын РФтен чыккан көгүлтүр оттон баш тартууга умтулуусуна гана байланыштуу эмес экенин айтып, бул рыноктук факторлорго да шартталганын белгилеген.
Ал 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган. Тимонин жалпысынан Азия-Тынч океан аймагында газ колдонуу 2025-жылга чейин болжол менен 160 миллиард куб метрге чейин өсөрүн божомолдогон.
Учурда Россия газы Кытайга "Сила Сибири" магистралы боюнча жеткирилет. Ал 2019-жылдын аягында башталып, 2020-жылы 4,1 миллиард куб метр газ жеткирилген. Бул көлөмдү жыл сайын көбөйтүп, 2025-жылга чейин 38 миллиард куб метрге чейин көгүлтүр от берүү пландалган. Учурда "Сила Сибири-2" долбоору иштелип жатканы айтылды. Анда Монголиянын аймагы аркылуу Кытайга газ түтүгүн куруу каралган. Анын кубаттуулугу жылына 50 миллиард куб метрди түзөт.
Дүйнө жүзү алгачкы жолу энергетикалык каатчылыкка кабылды. Себеби