БИШКЕК, 8-май — Sputnik. БУУнун алдындагы КМШнын атайын өкүлчүлүктөрү Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата согуштун акын ардагерлеринин ырлары тууралуу онлайн-долбоор баштады. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн катчысы Федор Стржижовский айтып берген.
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгынын алдында БУУдагы КМШнын атайын өкүлчүлүктөрү "Жеңиштин мотиви" деп аталган онлайн-долбоорду баштайт", — деген Стржижовский.
Анын айтымына караганда, долбоорго катышкан өлкөлөр 8-майдан 10-майга чейин социалдык тармактарга согуштун акын ардагерлеринин ырларынан саптарды жарыялашат. Бул инсандар элди согуш талаасындагы каармандыгы, эрдиги менен эле эмес, өздөрүнүн чыгармалары менен да жакындаткан.
"Алардын ырын жатка билип, ошону менен чабуулга киришкен, дал ошол ырлардан дем-күч алышкан. Бул саптарда миллиондогон элдерди ийиндештире, бирдиктүү кылып бир максатка – фашизм менен күрөшүүгө жетелеген болуп көрбөгөндөй сыйкырдуу күч жатат", — деген Стржижовский.
Дипломат СССР элдеринин акындык салттарына басым жасай турганын айтты.
"Андан бери канча жылдар агылбады, бирок ошон кездегидей эле жеңиштин мотиви ар кыл тилде жаңырып келет", — деп кошумчалаган ал.
Быйыл дүйнөнүн көп өлкөлөрү 9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилейт.