Бишкекте бир троллейбус каттамга чыкпай, экинчиси башка көчө менен жүрөт

Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктан улам шаар тургундарынан жана меймандарынан кечирим сурап, өз маршрутун алдын ала пландап алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Борбор калаада №8 троллейбус эки күндөй жүрбөйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган каттам бүгүн 8-майда саат 15.00дөн баштап, 9-май күнү саат 18.00гө чейин майрамга карата убактылуу жүрбөйт.
Ошондой эле №2 троллейбустун каттамы кичине өзгөртүлөт. Ал мурдагыдай Ауэзов — Жибек жолу көчөсү — Чүй проспектиси менен жүрбөй, Ауэзов көчөсү — Чүй проспектиси менен жүрөт.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктан улам шаар тургундарынан жана меймандарынан кечирим сурап, өз маршрутун алдын ала пландап алууга чакырат.
Ош шаарында Салиева көчөсүндөгү жол оңдолуп, жаңы аллея ачылды. Сүрөт