БИШКЕК, 8-май — Sputnik. АКШнын Душанбедеги элчилиги аталган өлкөгө чек араны бекемдөө үчүн жүк ташуучу IVECO автокөлүгүн, дөңгөлөк жана кошумча тетиктерди берди деп кабарлады аталган дипломатиялык өкүлчүлүк өз сайтында.
Автоунаалар жана тапшырылган башка шаймандар 2,3 миллион доллар экендиги, алар өлкөнүн татаал жерлеринде Тажикстандын Коргоо министрлигинин ыкчамдыгын жакшыртууга көмөкчү болорун айткан.
"2021-жылдын октябрь айында АКШ элчилиги 20 жип автоунаасын жана 1,4 млн. доллар берген. Транспорт жана анын тектиктери менен берилген жаңы кайрымдуулук Коргоо министрлигинин иш мүмкүнчүлүгүн бул жабдуулар менен бир нече жыл бою камсыздоого көмөкчү болот", — деп айтылган маалыматта.
Техниканы тапшыруу салтанатында АКШ миссиясынын жетекчисинин орун басары Бриджит Уокер автоунаалар улут аралык баңги сатуу, аткезчилик жана экстремисттик кооптуулукту токтотуп турууга жардам болорун айткан.
Ал АКШ Тажикстанга коопсуздук жаатында 60 миллиондон ашык акчаны эки жылдын ичинде берерин кошумчалаган.