Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоого кадам таштады

Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ал эми кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 5-7-май күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезиккен.
"Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Ал эми кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.
Чек арадагы үч адамдын өлүмү: Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары сүйлөштү
Ташиев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйын өткөрдү