Британиялыктар кымбатчылыктан улам эт жегенди азайтты

Электр жарыгы, бензин, азык-түлүктүн баасы жогорулагандыктан британиялыктар акчаны аз коротуп, эт, спирт ичимдиктеринен баш тартууга мажбур болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Daily Mail басылмасынын окурмандары Британ өкмөтү Украинага өтө көп курал жеткирип жатканын жана инфляциядан улам өз жарандарын жетишсиз деңгээлде колдоого алганын айтып сындап чыгышты.
Макалада статистикалык маалыматтар келтирилген. Ага ылайык, өткөн айда Британияда эт менен спирт ичимдиктерин пайдалануу 2021-жылдын апрель айына салыштырмалуу азайган. Ошондой эле журналисттер электр жарыгы, бензин, азык-түлүктүн баасы жогорулагандыктан британиялыктар акчаны аз коротуп, эт, спирт ичимдиктеринен баш тартууга мажбур болуп жатканын жазган.
Шейшемби күнү аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украинага кайтарымсыз негизде жарандарды эвакуация кылуу үчүн 13 сооттолгон техника бере турганын билдирген. Ага чейин жергиликтүү британ ЖМКлары Лондон Киевге 155 миллиметр калибрдүү AS-90 үлгүсүндөгү артиллериялык 20 орнотмону жана ага он миңдеген снаряд жеткирип бере турганын жазып чыккан.
Улуу Британия Падышачылыгында азык-түлүккө болгон баа 3,5 пайызга, өткөн жылдын март айына салыштырмалуу 3,3 пайызга жогорулаган. Англия банкы март айындагы жети пайыздык инфляция жыл соңуна чейин сегиз пайыздан жогорулай турганын эскерткен.
Боррель: Евробиримдикте Россиядан газ алууну токтотуу маселеси каралбайт
Европа Россия газынын импортун кескин көбөйттү. Себеби