Чек арадагы үч адамдын өлүмү: Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары сүйлөштү

Тараптар чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарылчылыгына токтолушту.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар Ала-Бука районунда өзбек чек арачылары ок чыгарып, үч кыргызстандык каза болгон окуяны талкуулашкан.
"Эки жетекчи чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарылчылыгына токтолушту. Ошондой эле достук жана ынак коңшулуктун негизинде кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштерди улантуу керектигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, алдыдагы жогорку деңгээлдеги тышкы саясий байланыштарга, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары, 26-27-майда Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу боюнча пикир алышкан.
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, эки киши каза тапты. Чоо-жайы