Жапаров 1,40 мүнөттө 3 гол киргизип, президенттин командасы финалга чыкты

Алгачкы эсеп биринчи таймдын 13-мүнөтүндө ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кичи футбол боюнча "Мурас" турниринин алкагында "Президенттик администрация" "Алга" командасын 4:0 эсеби менен утуп алды.
Аталган топтун баарын каршылашынын дарбазасына президент Садыр Жапаров киргизди. Алгачкы эсеп биринчи таймдын 13-мүнөтүндө ачылды. Ошол бойдон дарбазага топ кирбей кызуу таймаш болду. "Президенттик администрация" оюндун экинчи бөлүгү бүтөрүнө 1 мүнөт 41 секунд калганда тайм-аут алып, эс алууга чыкты. Кайра келери менен Жапаров дароо бир гол, анын артынан катары менен дагы эки гол киргизди. Натыйжада мамлекет башчынын 1,40 мүнөттө киргизген үч голу менен 4:0 эсебинде "Президенттик администрация" финалга чыкты. Атаандашы "Алга" командасы жеңилип калды.
Эми "Жогорку Кеңеш" менен "Ыйман" командаларынын беттешинде ким жеңсе, алар менен биринчи орун үчүн ойнойт.
Садыр Жапаровдун командасы футбол турниринде жарым финалга чыкты