Ташиев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйын өткөрдү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
Соңунда өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмалар берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Совещание кабмина по приграничным вопросам
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын туруктуу мүчөлөрү катышкан.
"Ташиев өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөрүн белгиледи. Атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгында УКМК төрагасы өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды бергени кабарланды.
Белгилей кетсек, Ташиев Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектейт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек