Болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү эл аралык санкцияларга кабылган Россия өз экономикасын доллар менен евродон тазалоону тездетти. Москва бардык өнөктөштөрү менен улуттук валюталарда эсеп жүргүзүүнү ыкчамдатууда.
Мисалы, Азербайжан менен сооданын үчтөн бирине жакыны эбактан бери эле рубль менен жүргүзүлөт. Бул көрсөткүчтү улам көбөйтүү керектигин Михаил Катков, Алена Казакова сыяктуу серепчилер белгилешет. Алардын ушул маселенин тегерегиндеги материалы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Постсоветтик мейкиндиктен долларды сүрүп чыгуу
Батыш санкцияларына чейин эле азербайжандык компаниялар россиялык өнөктөштөрү менен келишимдерде баалар доллар же евро көрсөтүлсө деле көбүнесе рубль менен эсептешип келишкен. Маңызында эки көз карандысыз мамлекет соода алакасын үчүнчү өлкөлөрдүн валюталарында түзөт.
Дээрлик постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн баарында ушундай көрүнүш. Душанбе да Москва менен эсептешүүдө доллардан рублге өтүүнү көздөйт. Тажикстандын жетекчилиги Сангтудин ГЭС-1дин электр кубатын сатып алуу боюнча келишимдин түзүлүшүн кайра карап чыгууну сунуштоодо. Станцияда 25 пайыздык үлүш республиканын өкмөтүнө, калган 75 пайызы — россиялык компанияларга таандык. Анда өндүрүлгөн электр кубатынын наркы эми рубль менен бааланмакчы. Чынында 2021-жылы "Барки Точик" тажикстандык энергохолдинг жалпы сумманын 37 пайызын гана төлөгөн.
Буларга катар эле Москва Өзбекстанды доллар гана тургай, евродон да арылууга үгүттөөдө. Ташкентте өткөн "ИННОПРОМ – 2022" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров ушундай чакырык менен чыкты. Анын айтымында, пандемия, андан кийинки жана азыркы эл аралык окуялар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн көз карандысыздык жана биргелешип иштешүүнүн өсүшү үчүн улуттук валюталарга өтүүгө түртүүдө.
Москва да буга тегин жерден кызыкдар эмес. Биринчиден, Өзбекстанга он миллиард доллар инвестициялаган. Экинчиден, ал жактагы ишканалардын 17,5 пайызы россиялыктарга таандык. Үчүнчүдөн, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7,5 миллиард долларды түзгөн. Республиканын тышкы соодасында Россиянын үлүшү да бир топ (17,9 пайыз). Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу, ал эми анын экономикасы постсоветтик мейкиндикте эң ири экени да маанилүү.
Евразиялык рубль
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн соода жүгүртүүсүндөгү рублдин үлүшү эбак үчтөн бирин түзүп калганын Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев айтат. 2013-жылдан 2020-жылга чейин бул көрсөткүч 63 пайыздан 74 пайызга чейин өскөн. Россия Беларусь менен соода айлантууда 82 пайызын, ал эми Казакстан менен 63 пайызын, Кыргызстан менен 58 пайызын рубль менен алып барат. Беларустун да ЕАЭБдин бөлөк өлкөлөрү менен да соода айлантуусунун дээрлик үчтөн бири рубль менен жүргүзүлөрүн да белгилей кетели.
Евразия экономикалык комиссиясы 2022-жылдын аягына чейин өз ара соодада улуттук валюта менен эсептешүү үлүшү 85 пайыздан ашарын күтүшөт. Армения газды Россиядан рубль менен алууга өтүп, Беларусь да энергетикалык ресурстарды россиялык валюта менен сатып алууга камынууда. Ошол эле учурда баалар мурдагыдай эле доллар менен түзүлүүдө. Беларустун каржы министри Юрий Селиверстов ЕАЭБ ичинде эсептешүүнү улуттук валюталарга же рублге болушунча тезирээк өткөрүүгө чакырды. Минск да Москва өңдүү катаал санкцияларга кабылган, бул маселеде Беларустун каалоосу күч болгону менен биримдиктин бөлөк мүчөлөрү буга анчалык ынтызар эмес.
Мурда РФтин Экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бажы эсептешүүлөрүндө улуттук валютага баскыч-баскычы менен өтүүгө макулдашып, негизги көлөм рубль менен жүргүзүлмөк болгон. Бирок Казакстандын өкмөтүнүн маалымат кызматы ыкчам түрдө түшүндүрмө берип, бажы төлөмдөрүн төлөө чегерүү жана бөлүштүрүүдө Россия менен Беларусь гана рублге өтөрүн белгилеген. Армения, Казакстан жана Кыргызстан доллар менен жүргүзүүнү улантууда.
Биригүүгө мезгил жетти
"ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн рубль менен эсептешүү негизи ыңгайлуу. Маселен, валютасы менен дайым көйгөй жаралган Беларусь төлөмдү рубль менен которууну көп өтүнөр эле", — дейт саясат таануучу Андрей Суздальцев. Анын пикиринде, жаңы схемага өтүү Россияда доллардын курсун турукташтырып жана төмөндөшүнө алып келет. Мындай чечим Европа биримдигине кирген өлкөлөргө анчейин пайдасыз, анткени тоорукта рубль кымбаттап, бул жагдай россиялык газдын наркына чагылат. Айрым эксперттер жоромолдогондой, доллардын кунун кескин түшүрүп жибербейт. Андан сырткары рубль ЕАЭБдин бирдиктүү валютасына айланары да арсар, себеби анын курсу туруксуз.
"Энергетикалык ресурстарды доллар жана азыраагын евро менен сатышууда. Ошол себептен Казакстан, албетте, өз ресурстарын сыртка жана коңшуларына америкалык валюта менен сатат. Анан да алардын башка макулдашуулары бар. Аларды кайра карап чыккылары келбеси турулуу иш. Рублдин куну туруксуз экенин да эстен чыгарбоо лаазым", — дейт Суздальцев.
Россиялык валютаны пайдалануу чөйрөсү кеңейиши керек, бирок алигүнчө ЕАЭБ чабал интеграциялык биримдик болуп келет. 2021-жылы блоктун ичиндеги ич ара соода жалпы көлөмдүн болгону 15 пайызын түзгөн. Ошентсе да биримдиктин эң үлкөн рыногу болгон Россия санкцияларга кабылганын эске алсак, бул көрсөткүч улам өсүшү мүмкүн экенин Суздальцев айтты. Экономист Владимир Савченко Россия менен биримдикти бекемдөөдө көп нерсе башкаруучу элитанын кызыкчылыгына жараша экенин баса белгилейт. Саясий жактан алар Москва менен байланышта болгону менен экономикалык жактан баары бир өңчөй эмес, ал эми маданий планда ажырым андан да чоң.
"Акча — айлантуунун гана каражаты. Тилекке каршы, союздук алакаларда биз биргелешкен ишкана түптөө баскычында гана токтоп калдык. Трансулуттук корпорацияларды түзүп, бул менен өз технология, илим, өнөр жай жана территорияларыбызды бекемдөөгө тийишпиз. Бул компаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү бизнестин башын кошуп, экономикаларыбызды интеграциялоого жол ачышат", — деп түшүндүрдү Савченко.
Эксперттин пикиринде, өндүрүштүн автономдук чынжыры биримдиктин мүчөсүнүн үчүнчү өлкөлөр алдындагы тышкы милдеттенмелерине жолтоо болууда. Ал эми Россия азырынча коңшулардын экономикасындагы активдүүлүгү анчейин жетиштүү эмес. Савченко айыл чарба өндүрүмдөрүн Түркиядан сатып албастан, Борбор Азия мамлекеттеринен жана Армениядан сатып алууга мезгил жетти. Бул аталган өлкөлөрдө жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө да өбөлгө болорун баса белгиледи.