Жапаровдун командасы турнирден утуп млн. сом алды. Акчаны кайда жумшайт

Турнирге ар тармактын өкүлдөрүнөн 12 команда катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. "Президенттик администрация" командасы кичи футбол боюнча "Мурас" достук мелдешинин баш байгесин утту.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун командасы финалда Жогорку Кеңештин депутаттары менен беттешип, 7:3 эсеби менен жеңип алды. Президент мында үч гол киргизген.
1 / 4

"Президенттик администрация" командасы кичи футбол боюнча "Мурас" достук мелдешинин баш байгесин утту

2 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун командасы финалда Жогорку Кеңештин депутаттары менен беттешип, 7:3 эсеби менен жеңип алды

3 / 4

Президент мында үч гол киргизген

4 / 4

Соңунда Жапаров баш байгеге ыйгарылган 1 миллион сомду жетим балдар жана карылар үйүнө бере тургандыктарын билдирди.

Натыйжада биринчи орунду "Президенттик администрация", экинчи орунда "Жогорку Кеңеш", үчүнчү орунду "Алга" командасы ээледи. Мындан сырткары, Жапаров "Мыкты бомбардир" наамын алды. Ал эми ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев "Мыкты дарбазачы", ата мекендик футболдун ардагери Владимир Орешкин "Мыкты оюнчу" аталды.
Соңунда Жапаров баш байгеге ыйгарылган 1 миллион сомду жетим балдар жана карылар үйүнө бере тургандыктарын билдирди.
Оюндар Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 4-5-май күндөрү өттү. Ага ар тармактын өкүлдөрүнөн 12 команда катышты. Кичи футбол боюнча "Мурас" достук турнири ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат.
Биринчи мелдеште дагы "Президенттик администрация" командасы жеңип алган.
Жапаров 1,40 мүнөттө 3 гол киргизип, президенттин командасы финалга чыкты