БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Батыштын ЖМКлары Украинадагы атайын аскердик операцияны чагылдырууда жалган маалыматтын жана фейктердин тилин тандады. Бул туурасында БУУнун маалымат комитетинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Федор Стржижовский билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын алдында Батыштын кээ бир өкүлдөрү, анын ичинде АКШнын, Португалиянын жана Украинанын дипломаттары Москваны атайын операция боюнча жалган маалымат таратууга айыптаган.
"Россия атайын аскердик операциясын актоо үчүн маалыматты бурмалап таратууда деген айыптоо чындыкка дал келбейт. Украинанын жана башка батыштык делегациялардын өкүлдөрүнүн көңүлүн ушуга бурдургум келет. Россиянын бардык мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Коргоо министрлигинин билдирүүлөрү өз убагында чыгып, ар бир маалымат текшерилип тастыкталат. Ошондой эле объективдүү кырдаал менен кабардар кылат", — деди россиялык дипломат.
Ошондой эле ал маалыматты бурмалоо башка өлкөлөр тараптан жасалып жатканын белгиледи.
"Жалган маалымат жана фейктердин тилин дал ушул батыштык медиа тандап алган. Көпчүлүк фейктер бир нече сааттын аралыгында ачыкка чыгып калат. Бирок медиа аянтчасына тарап кетип маалыматты алуучулардын көбүн адаштырууга үлгүрүп жатат", — деген Стржижовский
Мындан сырткары, дипломат украин бийлиги согуштук аракеттер тууралуу кабарды бурмалап таратып же Россия уюштурган гуманитардык коридорлор тууралуу маалымат бербей коюшарын айтты.