ТИМ: Киев Крымдын кайтарылышын, ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таанышы керек

Россия ТИМинин расмий өкүлү БУУнун уставында бекитилген элдин мыйзамдуу жана аң-сезимге салынган тандоосун урматтоо керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россияга Крымдын кайтарылышы, ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгы — Киев жана башка мамлекеттер таанышы керек болгон аймактык чындык. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Испаниянын ABC газетасына билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул Киев жана башка өлкөлөр таанышы керек болгон аймактык реалдуулуктар. Алар 2014-жылы неонацисттик төңкөрүш аркылуу бийликке келген Киев бийлигинин саясатынан улам келип чыкты. Крым Россияга кайтарылып, ДЭР менен ЛЭР көз карандысыз мамлекет болуп калды", — деген Захарова.
Ал БУУнун уставында бекитилген элдин мыйзамдуу жана аң-сезимге салынган тандоосун урматтоо керектигин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Украинага курал алып келген НАТОнун бардык транспорту жок кылынат