Кыргызстандыктар Россиядан канча товар алышат. Видео

Дүкөндөрдөгү чачка арналган буюмдар, тиш пасталары жана щеткалардын жарымынан көбү Россиядан алып келинерин билесизби? Бир мүнөткө жетпеген убакытта Россиядан келген импорт тууралуу сөз кылалы.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстанга Росссиядан көбүнчө кандай товарлар ташылып келерин Sputnik агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин адистеринин отчетторун изилдеп чыккандан кийин аныктады.
Статистика боюнча, Кыргызстанга жылына 51 миллион долларлык буудай импорттолсо, анын 58 пайызы Россияга таандык. Күн карама майынын үлүшү андан да жогору, ал импорттун акчалай көлөмүнүн 72 пайызын түзөт. Жаратылыш газы — 85 пайыз, чач жасалгасы — 61 пайыз, тиш пасталары жана щеткалары — 62 пайыз, тазалоочу каражаттар — 54 пайыз жана жыгач 99 пайызды түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук деңгээлге жетип, эки миллиард доллардан ашкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстан россиялык продукцияларды сатып алуу менен чектелбестен, Россия Федерациясына өз өндүрүшүнүн товарларын да активдүү сатууда. Акыркы бир жылда Кыргызстандын продукциясын Россияга экспорттоонун көлөмү 38 пайызга өстү.
Кыргызстан өсүмдүк май импортунан көз каранды. Өндүрүшчүлөрдө түшүм кандай?