Радио

Исмаилов: Конституцияны өзгөртүү менен эки чоң түзүлүштү ага ылайыктоо зарыл

Эл аралык Ала-Тоо университетинин юридикалык программасынын доценти Нурлан Исмаилов мамлекеттин өнүгүүсү Конституциянын мазмунунан эмес анда жазылгандардын сакталышына байланыштуу экенин белгиледи.
Sputnik
Конституцияга өзгөртүү киргизүү коомду шок абалга алып келет. Анткени укуктук база жана башкаруу системаны мыйзамга карата ылайыкташтыруу зарыл. Бул тууралуу Нурлан Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамдын тынымсыз өзгөрүүсү коомдун динамикалуу өнүгүп жатканынан кабар берерин айткандар да бар.

"Конституцияны өзгөртүү менен эки чоң түзүлүштү ага ылайыктоо зарылдыгы жаралат. Биринчиси, укуктук база. Мыйзамдардын баарын жаңы Конституцияга тууралаш керек. Бул өкмөткө, парламентке жана коомдук уюмдарга күч келтирет. Экинчиси, башкаруу системасын башкаруу механизмдери менен ылайыкташтыруу зарыл. Бул дагы эбегейсиз эмгекти жана каражатты талап кылат. Конституциялардын өзгөрүүсү боюнча окумуштуулар ар түрдүү пикирде. Мисалга АКШнын баш мыйзамы 1787-жылдан бери болгону 27 өзгөртүү киргизүү менен иштеп жатат. Ал эми Франция 1791-жылдан бери жаңы 15 Конституция кабыл алып, дүйнөдө рекордсмен болуп калды. Бирок бул эки мамлекет тең дүйнөнүн алдынкы мамлекеттеринен. Кыргызстан 1993-жылдан бери бир нече жолу Баш мыйзам кабыл алды. Алардын баарынын мазмуну жакшы, бирок ошол баш мыйзамда жазылгандар аткарылбай, Конституция иштебей калууда. Мамлекеттин өнүгүүсү, туруктуулугу Баш мыйзамдын мазмунунан эмес, анда жазылгандардын сакталышына байланыштуу", — деди Исмаилов.

Ал Конституцияны өзгөртүү коомдун психологиялык абалына да терс таасирин тийгизерин кошумчалады.